2001-жылы 12-январда «Кыргызэнерго» АКнын акционерлеринин кезексиз жыйыны болуп, анда «Кыргызэнерго» АК кайрадан уюштуруу маселеси каралып, курамынан электр жана жылуулук тармактарын мүлктүк комплекстерден чыгаруу менен анын базасында «Түндүкэлектр», «Чыгышэлектр», «Жалалабадэлектр», «Ошэлектр», «Бишкекжылуулуктармагы» акционердик коомдорун түзүү талкууланган.
«Кыргызэнерго» АК эки компанияга бөлүүгө уруксаат берилип «Кыргызстан улуттук электр тармагы» жана «Электр станциялары» ачык акционердик коомдору түзүлөт.
16-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруучу жыйындарынын депутаттарынын макулдашылган комссиясынын бирдиктүү чечими менен «Кыргызэнерго» АК бөлүштүрүү мамлекеттен ажыратуу боюнча Программа кабыл алынган.
29-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Токтогул ГЭС каскадынын жана жогорку чыңалуудагы электр энергия чубалгыларынын негизинде түзүлгөн акционердик коомдордун мамлекеттик акцияларынын пакетин мамлекеттин менчигине бекитүү боюнча» №256 токтомун кабыл алган.
9-июнда «Кыргызэнерго» АК мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Программасына ылайык Токтогул ГЭС каскадынын, Бишкек ЖЭБ жана Ош ЖЭБ базасынын негизинде «Электр станциялары» ачык акционердик коому», 110кВ жана андан жогорку чыңалуудагы чубалгыларда электр энергиясын берүү базасынын негизинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын № 425-11 жана № 290-11-6 Эл өкүлдөр жыйындарынын 29.06.01 ж. Токтому менен.
![]() |
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта