КОМПАНИЯ ЖӨНҮНДӨ

«Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коому» («КУЭТ» ААК) – электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын турак жай, ири өнөр жай жана башка керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания. Ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы » ААК Кыргызстандын улуттук энергетикалык тутумунун борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкаруусун жүзөгө ашыруучу тутумдук оператор болуп саналат.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызэнерго» ААКты кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн. 2022-жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКменен «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектро» жана «Жалалабадэлектро» төрт бөлүштүрүүчү компания бириктирилген».

««Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын төмөнкү филиалдары бар:»

Компаниянын тарыхы

2001-жылдын 12-январында “Кыргызэнерго” АКтын акционерлеринин кезексиз жыйыны болуп, анда “Кыргызэнерго” АКтын түзүмүнөн электр жана жылуулук тармактарынын мүлк комплекстерин чыгаруу жана алардын базасында “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Жалалабатэлектро”, “Ошэлектр”, “Бишкекжылуулуктармагы” акционердик коомдорун түзүү жолу менен аны кайра уюштуруунун маселелери каралган. «Кыргызэнерго» акционердик коомун мындан ары эки компанияга: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна жана «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна бөлүүгө макулдуктарын беришкен. 16-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Макулдашуу комиссиясы менен Жогорку Кеңештин эки палатасынын тең депутаттары «Кыргызэнерго» АКты мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы боюнча бирдиктүү чечим кабыл алышкан. 29-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №256 “Токтогул ГЭСтер каскадынын жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын базасында түзүлгөн акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттин менчигине бекитүү жөнүндө” токтому чыккан. 29-июнда «Кыргызэнерго» акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасына ылайык Токтогул ГЭСтер каскадынын базасында түзүлгөн - Бишкек ш. ЖЭБ, Ош ш. ЖЭБ, “Электр станциялар” ачык акционердик коому, ошондой эле, 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын базасында түзүлгөн – “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 29-июнундагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын №425-11 жана Эл өкүлдөр жыйынынын №290-11-6 токтомдору менен бекитилген.