«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жаш адистери «CASE-IN» 2024 Эл аралык инженердик чемпионатына катышууда

3 Апрель 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын үч командасы эки жыл катары менен “CASE-IN” Эл аралык инженердик чемпионаттын Жаш адистер лигасына катышууда.2024-жылдагы чемпионаттын негизги темасы – “Отун-энергетика тармагын санариптик трансформациялоо”.– « Катышуучулар отун-энергетика комплексиндеги өндүрүш процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү менен байланышкан иштерди чечүүгө жана инженердик тапшырмаларды аткарууга тийиш.

Мелдештин финалына чыккандар Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган чемпионаттын финалына барышат.

Сынактын демилгечилери жана биргелешип уюштуруучулары КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин Аткаруу комитети жана Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги болуп саналат.

"CASE-IN" 2023 эл аралык инженердик чемпионатынын финалынын видеосу https://youtu.be/50Ay7A2aAIs