«КУЭТ» ААКта ишембилик уланууда

13 Апрель 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 13-апрелинде «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы жана райондук филиалдар - электр тармактар ишканалары кезектеги ишембилик өткөрүштү.

Жумушчулар өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди таштандылардан тазалап, бак-дарактарды санитардык тазалоодон өткөрүп, куураган бутактарын кесип, жаш көчөттөрдү отургузушту.