Билдирүүлөр
«КУЭТ» ААК акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирет, 18-декабрь, 2024-жыл
Ачык акционердик коом «Кыргызстан улуттук электр тармагы»
ЖАРЫЯЛАЙТ акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтөрүн.
ЧОГУЛУШ 2024-жылдын 18-декабрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326.1 дарегинде өтөт.
Өткөрүү формасы: бетме-бет.
КҮН ТАРТИБИ:
- Санак комиссиясынын курамын бекитүү.
- Коомдун жөнөкөй аталыштагы акцияларынын санын көбөйтүү жана Уставдык капиталын жогорулатуу.
- Коомдун кошумча жөнөкөй аталыштагы акцияларынын жабык жайгаштыруусу тууралуу. Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №661 токтомуна ылайык, «Электр станциялары» жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомдорун каржылык калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине акцияларды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлөт.
- Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Коомдун Ревизиялык комиссиясынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Коомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү.
- 2024-жылга карата Коомдун жылдык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Коомдун Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү.
Акционерлерди каттоо убактысы: саат 09:00дөн баштап.
Акционерлердин тизмеси 2024-жылдын 1-декабрында түзүлөт.
Чогулуштун материалдары менен Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326, 320-кабинеттен корпоративдик катчынын («КУЭТ»ААК) офисинен таанышсаңыз болот. Байланыш телефону: (312) 90-45-77.