2026-жылдын 25-майында саат 10.00дө Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 326 дареги ("Кыргызстан УЭТ" ААКнын жыйындар залында) боюнча акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болду. Чогулуштун кворуму – 99,39%. Чогулушту өткөрүүнүн формасы – акционерлердин биргелешип катышуусунда (ачык добуш берүү).
ЧОГУЛУШТА ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ:
1.1. Эсептөө комиссиясынын курамы бекитилсин:
1. Омурзаков Элмухамед Аманбаевич - «Фондрегистер» ЖЧКнын өкүлү, эсептөө комиссиясынын төрагасы;
2. Турсунбаева Чолпон Нурканбековна;
3. Мокушева Аида Асангазиевна;
4. Турсунова Венера Медетбековна;
5. Тилекова Нургыз Тилековна;
6. Рубанюк Ольга Юрьевна;
7. Уланбек кызы Сайкал;
8. Милько Лариса Александровна.
2.1. Коомдун 2025-жылдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө Башкы дирекциянын отчету бекитилсин.
3.1. Коомдун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Башкы дирекциянын отчету бекитилсин.
4.1. 2025-жылдагы Коомдун жылдык балансы, кирешелер жана чыгашалар эсеби бекитилсин.
5.1. Коомдун 2025-жылдагы көз карандысыз аудиторунун корутундусу бекитилсин. 6.1. Коомдун 2025-жылдагы Текшерүү комиссиясынын корутундусу бекитилсин. 7.1. Коомдун Директорлор кеңешинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету бекитилсин.
8.1. Коомдун 2026-жылга карата жылдык бюджети бекитилсин.
9.1. 2025-жылдын 24-октябрындагы акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун №4 маселеси боюнча чечим жокко чыгарылсын.
10.1. 2025-жылдын 24-октябрындагы акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун №6 маселеси боюнча чечим жокко чыгарылсын.
11.1. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жүгүртүлүүчү акцияларынын саны кошумча чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жолу менен документсиз түрдө, ар биринин жайгаштыруу баасы 1,654906029 сом болгон, 142 647 978 (бир жүз кырк эки миллион алты жүз кырк жети миң тогуз жүз жетимиш сегиз) экземплярга, 236 068 999 (эки жүз отуз алты миллион алтымыш сегиз миң тогуз жүз токсон тогуз) сом суммада көбөйтүлсүн.
11.2. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун 236 068 999 (эки жүз отуз алты миллион алтымыш сегиз миң тогуз жүз токсон тогуз) сом суммада кошумча чыгарылган 142 647 978 (бир жүз кырк эки миллион алты жүз кырк жети миң тогуз жүз жетимиш сегиз) экземплярдагы акциялары жеке (жабык) түрдө бир жактын пайдасына - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жайгаштыруу жүргүзүлсүн.
11.3. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Уставдык капиталы 236 068 999 (эки жүз отуз алты миллион алтымыш сегиз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго көбөйтүлсүн.
12.1. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жүгүртүлүүчү акцияларынын саны кошумча чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жолу менен документсиз түрдө, ар биринин жайгаштыруу баасы 1,654906029 сом болгон, 1 208 527 835 (бир миллиард эки жүз сегиз миллион беш жүз жыйырма жети миң сегиз жүз отуз беш) экземплярга, 2 000 000 000 (эки миллиард) сом суммада көбөйтүлсүн.
12.2 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун 2 000 000 000 (эки миллиард) сом суммада кошумча чыгарылган 1 208 527 835 (бир миллиард эки жүз сегиз миллион беш жүз жыйырма жети миң сегиз жүз отуз беш) экземплярдагы акциялары жеке (жабык) түрдө бир жактын пайдасына - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жайгаштыруу жүргүзүлсүн.
12.3 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Уставдык капиталы 2 000 000 000 (эки миллиард) сомго көбөйтүлсүн.
13.1. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жүгүртүлүүчү акцияларынын саны кошумча чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жолу менен документсиз түрдө, ар биринин жайгаштыруу баасы 1,654906029 сом болгон, 830 318 049 (сегиз жүз отуз миллион үч жүз он сегиз миң кырк тогуз) экземплярга, 1 374 098 346 (бир миллиард үч жүз жетимиш төрт миллион токсон сегиз миң үч жүз кырк алты) сом суммада көбөйтүлсүн.
13.2 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун 1 374 098 346 (бир миллиард үч жүз жетимиш төрт миллион токсон сегиз миң үч жүз кырк алты) сом суммада кошумча чыгарылган 830 318 049 (сегиз жүз отуз миллион үч жүз он сегиз миң кырк тогуз) экземплярдагы акциялары жеке (жабык) түрдө бир жактын пайдасына - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жайгаштыруу жүргүзүлсүн.
13.3. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Уставдык капиталы 1 374 098 346 (бир миллиард үч жүз жетимиш төрт миллион токсон сегиз миң үч жүз кырк алты) сомго көбөйтүлсүн.
14.1. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жүгүртүлүүчү акцияларынын саны кошумча чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жолу менен документсиз түрдө, ар биринин жайгаштыруу баасы 1,654906029 сом болгон, 2026-жылы 60 426 392 (алтымыш миллион төрт жүз жыйырма алты миң үч жүз токсон эки) экземплярга 100 000 000 (жүз миллион) сом суммада, 2027-жылы 27 191 876 (жыйырма жети миллион бир жүз токсон бир миң сегиз жүз жетимиш алты) экземплярга 45 000 000 (кырк беш миллион) сом суммада көбөйтүлсүн.
14.2. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун 2026-жылы 100 000 000 (жүз миллион) сом суммада 60 426 392 (алтымыш миллион төрт жүз жыйырма алты миң үч жүз токсон эки) экземпляр, 2027-жылы 45 000 000 (кырк беш миллион) сом суммада 27 191 876 (жыйырма жети миллион бир жүз токсон бир миң сегиз жүз жетимиш алты) экземплярдагы кошумча чыгарылган акциялары жеке (жабык) түрдө бир жактын пайдасына - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жайгаштыруу жүргүзүлсүн.
14.3. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Уставдык капиталы 2026-жылы 100 000 000 (жүз миллион) сомго, 2027-жылы 45 000 000 (кырк беш миллион) сомго көбөйтүлсүн.
15.1. Коомдун Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
16.1. Мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга керектүү документтер тапшырылсын.
17.1. Коомдун Директорлор кеңеши жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөр киргизилсин. 18.1. Коомдун Башкы дирекциясы жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөр киргизилсин. 19.1. Коомдун Ички аудити жөнүндө Жобосу бекитилсин.
20.1. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
1. Жусупкелдиев Бактыбек Дуйшонбекович;
2. Бейшеев Эрнисбек Асирдинович;
3. Егинбаев Бакыт Уланович;
4. Тынымсеит уулу Тынчтык;
5. Молдобеков Камбарбек Амантурович.
21.1. Коомдун Ички аудитинин мүчөлөрү шайлансын:
1. Егинбаев Бакыт Уланович;
2. Тынымсейит уулу Тынчтык;
3. Жусупкелдиев Бактыбек Дуйшонбекович;
4. Дакинов Таалайбек Нурматович;
5. Молдобеков Камбарбек Амантурович.
22.1. Коомдун Директорлор кеңешинин сандык курамы өзгөртүлсүн. Коомдун Директорлор кеңешинин сандык курамы ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) адамдан турсун деп аныкталсын. Коомдун Директорлор кеңешинин сандык курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Директорлор кеңешинин учурдагы бардык мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ушул чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотулсун.
23.1. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жаңы курамда шайлансын:
1. Раимжанов Талант Мамытбекович;
2. Маматов Мирбек Абдухамитович;
3. Турускулов Жыргалбек Куручбекович.
24.1. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын жана компенсациялардын өлчөмү бекитилсин.
25.1. Коомдун Ички аудитинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын жана компенсациялардын өлчөмү бекитилсин.
26.1. "Кыргызстан УЭТ" ААКнын Директорлор кеңешине 2026-жылга коомдун көз карандысыз аудиторун тандап алууга жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоого ыйгарым укук берилсин.
Чогулуштун материалдары менен Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326, 320-кабинеттен корпоративдик катчынын («КУЭТ»ААК) офисинен таанышсаңыз болот. Байланыш телефону: (312) 90-45-77.