Колл - борбор: 105; 1209

11-ноябрь эл аралык электр энергиясын үнөмдөө күнү

11 Ноябрь 2023 ж.

Күндүн негизги максаты - электр энергияны үнөмдөө-коомчулукту ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө түрткү кылат. Энергияны үнөмдөө айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга мүмкүндүк берет.

Энергияны үнөмдөөнү - жашоо образына айландырса болот.

Энергияны үнөмдөө боюнча эң жөнөкөй 10 кеңешти аткарууну сунуштайбыз.

1. Керек эмес учурда жарыкты өчүрүңүз! Бул жалпы керектөөнү 30% га кыскартууга жардам берет. Заманбап системалар жарык башкаруу сенсорлордон иштеп жана жарыкты керексиз учурда өчүрүп койот.

2. Табигый жарыкты көбүрөөк колдонуңуз. Ачык түстөгү айнек тоскучтар, туш кагаздар, шып, таза терезелер (чаңдуу айнектер 30% га чейин жарыкты кыскартат) энергияны үнөмдөп чырактарды колдонууну азайтат.

3. Терезелер аркылуу жылуулук жок болуп кетпеши үчүн аны жакшылап жабыңыз. Мындай кадамдар электр жылыткычтарды колдонууну азайтат.

4. Кызытуучу лампаларды "энергияны үнөмдөөчү" лампаларга алмаштырыңыз. Компакт -

5. Электр чайнегинде керектүү көлөмдөгү сууну гана кайнатыңыз.

6. Электрондук жабдууларды кароосуз калтырбаңыз.

7. Компьютериңизди үнөмдүү иштөө режимине коюңуз (мониторду өчүрүү, уйку режимине өтүү, катуу дисктерди өчүрүү ж.б.).

8. Кондиционер бөлмөнүн температурасы керектүү деңгээлге жеткенде өзү өчүп калчуу режимде болушу зарыл.

9. Керек болгондо гана ысык суу менен кир жууңуз. Башка учурларда муздак суу менен жууп, электр энергиясын үнөмдөңүз. Андан эч кандай айырмачылык болбойт.

10. Айлануучу которгучтардын ордуна рычаг которгучтарын орнотуңуз.