2025-жылдын 12-августунда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин жыйыны өткөрүлүп, анда компаниянын стратегиялык милдеттери, анын ичинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана электр энергиясы менен камсыздоо процесстерин санариптештирүү маселелери каралды.
Жыйынга директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев А.Д., директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башкы директор Рысбеков А.Д, анын орун басарлары, ошондой эле тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Жыйындын жыйынтыгында электр энергиясын бөлүштүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн жогорулатууга, бекитилген графикке ылайык энергетикалык объектилердеги оңдоо иштерин аткарууга жана компаниянын ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган тапшырмалар берилди.
Бүгүнкү күнгө карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында аткарылган иштердин көлөмү 80%дан ашты.
Капиталдык оңдоо:
138 даана 35–500 кВ чыңалуудагы көмөк чордондорундагы жабдуулар;
2 087 даана трансформатордук көмөк чордондор (6–10/0,4 кВ);
687 км 35–500 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары;
1 973 км 10–0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары.
Учурдагы оңдоо:
412 даана 35–500 кВ чыңалуудагы көмөк чордондорундагы жабдуулар;
12 224 даана трансформатордук көмөк чордондор (6–10/0,4 кВ);
6 005 км 35–500 кВ чыңалуудагы электр чубалгылары;
24 277 км 10–0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгылары.
Ошону менен бирге, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын балансындагы имараттарды, өндүрүштүк курулмаларды жана автотранспортторду пландык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Электр энергиясы менен камсыздоо процесстерин автоматташтырууга, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, ошондой эле керектүү материалдардын жана жабдуулардын запасын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу энергетикалык инфраструктураны чыңдап, кышкы аба ырайынын шарттарына туруктуулугун жогорулатат жана республика боюнча керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат.