23-25-апрель күндөрү Кадамжай райнонунда электр энергиясы ВЛ-500 кВ аба чубалгысын тартуу иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт

22 Апрель 2024 ж.

CASA-1000 Эл аралык долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы ВЛ-500 кВ «Датка-Сугд» аба чубалгысын тартуу жумуштары аткарылып жатат. Иштеп жаткан аба чубалгылары менен кесилишкен жерлеринде монтаждоо иштеринин коопсуздугун камсыздоо максатында Баткен облусунун Кадамжай районунда электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

• 23-25-апрель күндөрү, 8:00дөн 17:00гө чейин Чаувай, Майдан, Кара-Жыгач, Кароол, Алыш, Өлагыш, Ташкоргон айылдарында.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы буга байланыштуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сурайт.

Кошумча: Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 304,20 чакырым (67%) зымдар тартылды.