Колл - борбор: 105; 1209

Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «КУЭТ» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдун куттуктоосу

23 Февраль 2024 ж.

Урматтуу мырзалар, ардагерлер жана аскер кызматкерлери!

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!

23-февраль Мекенди коргоочулар майрамы кайраттуулук, каармандык жана атуулдук ариеттин чыныгы үлгүсү болуп саналат. Бул майрам - Мекенге берилип кызмат кылуунун символу десек да жаңылышпайбыз. Анткени ар бир жаран үчүн өз мекенин коргоодон өткөн ыйык милдет жок.

«Чептен эрдин күчү бек» демекчи, биз Кыргызстандын тарыхында эрдиги менен эсте калган ата-бабаларыбыздын салттуу көчүн улантып келген өз жоокерлерибизге ар дайым урмат кылып, зор ишеним артып келебиз.

Ушул майрамдык күнү сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, боорукердик, тынчтык жана ачык асман каалайбыз!