Колл - борбор: 105; 1209

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

23 Сентябрь 2024 ж.

Урматтуу мекендештер! 

 

Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү жана анын 35 жылдык мааракеси менен куттуктайм.

Кыргыз тили — эгемендүүлүгүбүздүн символун, элдин биримдигин жана эркиндигин чагылдырат.  Ар бирибиз өз тилибизде сыймыктануу менен сүйлөп, анын өсүп-өнүгүшүнө салым кошолу. Кыргызстан гүлдөп, эне тилибиз  кылымдарга өркүндөп өсө берсин! 

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: "Элдин өмүрү - анын тилинде",- демекчи, ата-бабалар муундан-муунга кыргыз тилин жок кылбай өткөрүп келгендей, биз дагы урпактарга татыктуу тил калтыралы! 

Мамлекеттик  тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун!

 

 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын 

башкы директору А.Д. Рысбеков