Үстүбүздөгү жылдын 26-27- март күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында «Электр тармактары үчүн заманбап жабдуулар жана технологиялар» темасында кезектеги «Бирдиктүү презентация күнү» (БПК) өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетикасынын биринчи орун басары Өмурбек Жеңишбеков, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын биринчи орун басары Шамил Матаев жана “КУЭТ” ААКнын филиалдарынын кызматкерлери жана 35 чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Иш чараны энергетикасынын биринчи орун басары Өмурбек Жеңишбеков ачып, энергетика тармагы заманбап жабдуулар менен иш алып баруу учур талабы экенин белгилеп, баардык презентациялоо күнүнө катышып жаткан компанияларга ийгилик каалады.
Бул иш-чаранын максаты — инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеялар, даяр продукциялар жана технологиялар менен таанышуу жана аларды кийинчерээк компаниянын объектилерине киргизүү болуп саналат.
Бирдиктүү презентация күнүнө катышуу үчүн Европанын, Россия Федерациясынын жана Казакстандын электр энергетикалык жабдууларын өндүрүүчү компаниялары чакырылган.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Бирдиктүү презентация күнү — пикир алмашуу, заманбап жабдуулар жана технологиялар боюнча маалымат алуу үчүн кесипкөй аянтчага айланды. Ал энергетикалык жабдууларды өндүрүүчүлөрдүн жана республиканын энергетиктеринин арасында чоң кызыгууну жаратууда.
Бирдиктүү презентация күнү алгачкы жолу 2018-жылы өткөрүлгөн. Анда негизги жабдууларды өндүрүүчү Siemens, General Electric, «Уралэлектротяжмаш», «Изолятор» заводу, «Таврида Электрик», СВЭЛ, SDEE компаниялары, ошондой эле релелик коргоо жана автоматика жабдууларын, диагностикалык приборлорду, программалык камсыздоолорду чыгарган — «Экра» ИӨП, OMICRON Electronics, «Прософт-Системы», «Механотроника» ИТБ, SATEC, «Энергосоюз» ИӨК, «Динамика» ИӨП жана башка компаниялар катышкан.