Аба чубалгыларга жакын жердеги өрттөр авариялык өчүрүүлөргө алып келет

19 Март 2024 ж.

Жаздын келиши менен аба электр чубалгыларына жакын жерде өрт чыккан учурлар көбөйдү. Жергиликтүү калк өз аймактарын жана талааларын тазалап, эски жалбырактарды, таштандыларды, бутактарды, камыштарды өрттөй башташты. Аба электр чубалгыларынын жанындагы өрттөөлөр авариялык өчүрүүлөргө, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоосун  үзгүлтүккө учурашына жана стратегиялык энергетикалык объектилердин иштен чыгуу коркунучуна алып келет.

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы жергиликтүү калктан   куураган чөптөрдү өрттөбөөнү жана электр объектилеринин жанында өрт коопсуздук эрежелерин сактоону суранат. Аба электр чубалгыларынын коопсуз эксплуатациялоо шарттарын камсыз кылуу жана түзүү максатында  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электр чубалгыларынын коопсуздук зоналарында куурап калган камыштардын өрттөнүп кетпөөсүнө каршы чараларды көрүү жөнүндө кат жөнөтүлгөн.

Компаниянын филиалдары дыйкандардын талаалары бар электр тирөөчтөрдүн аралыгындагы трассаларды тазалоо боюнча иштерди жүргүзө башташты.