Директорлор кеңешинин 13-14-ноябрь күндөр аралыгында иш-сапарынын негизинде Баткен ЭТИнин Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү РЭТтеринде жыйын өтүп, дебитордук карыздар, күз-кышка даярдыктын аткарылышы, РЭТтердин административдик абалы жана жаңы курулган имараттар менен таанышып, энергетиктердин көйгөйлүү маселелерин угуп, чечип берүүнү убадалады.
Бүгүнкү күндө, Баткен ЭТИнин жыйындар залында директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович, Кудайбердиев Ормонбек Бурканович, Маматов Мирбек Абдухамитович, Баймуратов Алымбек Дүйшекеевич жана «КУЭТ» ААКнын коммерциялык суроолор боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу Баткен ЭТИнин бөлүм жетекчилери жана РЭТ жетекчилери катышкан көчмө жыйын болуп өттү.
Жыйындын алкагында :
«КУЭТ» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн айтып, 2024-2025-жылкы күз-кыш мезгилине карата даярдыка жалпысынан жакшы баа берди. Мындан тышкары авариялык өчүүлөргө өзгөчө көңүл буруп, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү зарыл экендигин кошумчалады.