Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Чүй ЭТИ – филиалынын эки РЭТи бир РЭТке бириктирилди

17 Июль 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңешинин чечими менен жана оперативдүү башкарууну жана өз убагында оңдоо-эксплуатациялык ишмердүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле компаниянын финансылык-чарбалык ишинин экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Токмок РЭТи жана Чүй РЭТ«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй ЭТИ – филиалы бир РЭТ - Чүй РЭТи болуп бириктирилди.

Токмок РЭТи  жана Чүй РЭТинин  консолидациясы электр энергиясын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жалпы чыгымдарды азайтууга, колдонулуучу жабдууларды кыйла толук жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга, электр тармактарынын ишин системалуу контролдоого, кызматкерлердин штаттык санын оптималдаштырууга жана башка кошумча чыгымдарга алып келет.

Эки РЭТтин биригишинин натыйжасында 16 штаттык бирдик кыскартылды, алардын негизги бөлүгүн административдик кызмат орундары түзөт. Жүргүзүлгөн эсепке ылайык, штаттык санды оптималдаштырууну эске алуу менен акча каражаттарын үнөмдөө жылына 9 574,7 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, райондук электр тармактарын бириктирүүдө КММ сыяктуу башка чыгымдар кыскартылат. Ошондой эле электр энергиясынын абоненттерин тейлөөнүн сапаты жана ыкчамдуулугу жакшырат.

Мындан ары оптималдаштыруу алкагында компаниянын филиалдарынын ушундай РЭТтерин бириктирүү каралат.