Колл - борбор: 105; 1209

Энергетика министри Т.Ибраев: «пландалган 500,1 акылдуу эсептегичти орнотуу иштери өз убагында аткарылышы керек»

14 Январь 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКнын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Иш-чарага КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КР Энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков, «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков, ынын орун басарлары, ошондой эле коммерциялык маселелер боюнча электр тармактар ишканаларынын  жетекчилеринин орун басарлары жана бардык райондук электр тармактарынын  башчылары катышышты.

Жыйындын күн тартибинде электр энергиясы  менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу маселелери каралып, анын алкагында жакынкы аралыкта бүткүл республика боюнча Дүйнөлүк банк аркылуу келе турган  500,1 миң акылдуу эсептегичтердин орнотуусу  пландалынды.

КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, электр энергиясы менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу процессин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле аткарылып жаткан иштер электр энергиясы  менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана абоненттерди тейлөө сапатын жогорулатарын билдирди.

Жыйында энергетика министри Т.Ибраев төрт маселеге токтолду.

1) Дүйнөлүк банк менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 500,1 миң акылдуу эсептегич алуу пландалган. Учурда 50 миң даана акылдуу эсептегич келип түштү. Бул акылдуу эсептегичтерди райондук электр тармактарына бөлүштүрүп берип. Жыл аягына чейин орнотуу иштерин жүргүзүп, энергетикалык жоготууларды жою керектигин тийиштүү жетекчилерге тапшырды.


2) 2025-жылдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетиктерди шатттык режимже иштөөнү тапшырды. Кыш мезгили ортолоп калганы менен аба ырайынын төмөндөп, керектө көп болуп жатканын баса белгилеп, жабдуулар авариялык абалга кабылбашы үчүн алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүп туруу керектигин эскертти.


3) Министр 2024-жылы болуп өткөн 3-Элдик курултайда энергетика тармагы боюнча көтөрүлгөн маселелерди убагында аткаруу жана керектүү жабдууларга тийиштүү каражат маселесин чечүүнү «КУЭТ» ААКтын жетекчилигине тапшырды.

4) Энергетика тармагы боюнча калктан түшкөн көйгөйлуүү арыздарга, каттарга жана кайрылууларга убагында реакция кылуу керетигин эскертти. Энергетика министри ар бир кайрылган жаран жоопсуз калбаш керектигин баса белгиледи. Аны менен катар айрым айтылган сындар жана кайрылуулар аркылуу энергетика тармагы туура багытка өзгөрөөрүн энергетиктер эске алуу керектигин айтып өттү. Т.Ибраев 2025-жылга коюлган ар бир план өз убагында, кечиктирилбестен аткарылуусу керектигин тийиштүү жетекчилерге эскертти.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков  кеңешменин катышуучуларына компаниянын 2025-жылга пландаштырылган иштери жөнүндө айтып берди, анын алкагында өткөн жылдагыдай эле жаңы көмөк чордондор, аба чубалгылар, административдик имараттарын куруу жана калкты ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштери  улануусун белгиледи. Ошондой эле ал компаниянын филиалдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине «Ишкананын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн» ыраазычылык каттарын тапшырды.

Андан ары иш-чаранын жүрүшүндө эсептегичтерди орнотуунун этаптары талкууланды.

Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгон ЭКЭАТ -  эсептөө  приборлорун орнотуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКна эсеп-дүмүрчөктөрдү он-лайн жазып берүү системасын, керектелген электр энергиясы үчүн онлайн-төлөмдөрдү жана онлайн-кошууларды киргизүүгө гана эмес, эскирген жабдууларды модернизациялоо боюнча көп иштерди жүргүзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө,  энергообъектилерди башкаруу процесстерин автоматташтырууга да мүмкүндүк берет.

«ЭКЭАТ системасы толугу менен компьютерлештирилген, бул электр энергия менен камсыздоочу ишканаларды  ишин оптималдаштырат, маалыматтарды өлчөө, чогултуу жана иштеп чыгуу этабында адам факторун минималдаштырат, так жана ыкчам эсепке алууну камсыз кылат. Мындан тышкары, электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну жакшыртууда биздин компания абоненттерибиздин ыңгайлуулугу үчүн заманбап технологияларды колдонот.  Бул биз көрсөткөн кызматтардын сапатын жакшыртуу багытында маанилүү кадам болуп саналат. Абоненттерди ишенимдүү жана инновациялык чечимдер менен камсыз кылуу аларга электр энергиясын ыңгайлуу пайдаланууга мүмкүндүк берет жана электр энергиясын камсыздоочу менен керектөөчүнүн ортосунда маалымат алмашуунун ыкчамдыгын жогорулатат», - деп белгиледи «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Дуйшо уулу Уларбек.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө компания 450 миңден ашык заманбап «акылдуу» эсептегичтерин орнотту.