Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын адистери күн панелдерин орнотуу жана тейлөө боюнча 8 күндүк окутуудан өтүштү

12 Декабрь 2025 ж.

    

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан тарта Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде күн панелдерин орнотуу жана тейлөө боюнча 8 күндүк окутуу курсу болуп өттү. Бул тренинг Булан Институту менен И.Раззаков атындагы КМТУнун биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулду.

Окутууга «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жана райондук электр тармактарынан келген 12 адис катышышты. Алар теориялык сабактарды, лабораториялык иштерди жана практикалык окутуу сессияларын камтыган интенсивдүү тренингге катышышты. Катышуучулар күн энергетикасынын заманбап технологияларын, күн модулдарын долбоорлоо, орнотуу жана техникалык тейлөө ыкмаларын үйрөнүп чыгышты.

Булан Институтунун директору Чолпон Орозобекова:

«Бүгүнкү күндө күн энергетикасы боюнча адистердин тартыштыгы бир гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй Борбор Азияда байкалууда. Биздин долбоор өлкөдө күн энергиясын кеңири колдонууга өбөлгө түзүүнү максат кылат. Биз окуткан адистер күн электр станцияларында иштеп эле тим болбостон, жарандар үчүн күн панелдерин да орнотуп беришет».

Бул окутуу Булан Институту менен КМТУнун энергетиканын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө жана улуттук деңгээлде адистердин потенциалын жогорулатууга багытталган иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.