Колл - борбор: 105; 1209

Энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылууда

28 Февраль 2025 ж.

Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегатынын реконструкциялоосу  башталышына байланыштуу («Электр станциялары» ААКнын энергообъектиси) республиканын энергосистемасында электр энергиясын иштеп чыгуу төмөндөгөн, анткени азыркы учурда бул негизги ГЭСте төрт агрегаттын үч гидроагрегаты иштөөдө.

Аталган жагдайды эске алуу менен энергетиктер калктан жана башка керектөөчүлөрдөн электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылышууда.

Эскерте кетсек, бул реконструкциялоо аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу дагы кошумча 60 МВт көбөйөт жана станциянын кубаттуулугунун жалпы көлөмү 1440 МВт болот.

 

Электр энергияны үнөмдөө жолдору https://www.youtube.com/watch?v=soOpCztpwes