Колл - борбор: 105; 1209

Ош облусунун Ноокат районунда алдын ала маалыматтар боюнча селден 10 кВ электр чубалгысынын 55 тирөөчтөрү жабыркаган

1 Июль 2024 ж.

2024-жылдын 1 июлуна  карата Ош облусунун Ноокат районунда алдын ала маалыматтар боюнча селден 10 кВ электр чубалгысынын 55 тирөөчтөрү жабыркаган.  

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын башкы директору Алтынбек Рысбеков Ноокат районуна келди. Ал бузулган энергетика объектилерин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.  

«Селдин алгачкы күндөрүнөн тарта  «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат, Араван, Ош, Сулайман-Тоо» жана башка  РЭТтеринин авариялык-калыбына келтирүү топтору, 15 атайын техникасы менен 40 техникалык кызматкерлер  иш алып барышууда.  Бүгүнкү  күндө 10 кВ электр чубалгысынын 29 тирөөчтөрү калыбына  келтирилип, электр энергиясы өчүрүлгөн дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди, бир гана Турбаза абоненттери калды, ал жерде иштер уланууда», - деп белгиледи Алтынбек Рысбеков. 

Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери табигый кырсыктан жабыркагандарга үйлөрүн  тазалоого жардам берүшүүдө.   

Энергетиктер электр жабдууларын ыкчам калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап,  селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.