Колл - борбор: 105; 1209

Ноокат районунда электр берүү чубалгыларын калыбына келтирүү иштери толук аяктады

4 Июль 2024 ж.

2024-жылдын 4-июлунда саат  11:00 го  карата Ош облусунун Ноокат районунда «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери селдин кесепетинен бузулган 10 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн калыбына келтирип бүтүштү. Калктуу коңуштарда  дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди.

Калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат району боюнча 66 жаңы электр мамылары орнотулду.

«Ноокат, Араван, Ош, Сулайман-Тоо» жана башка  РЭТтерден иш сапарына  келген  авариялык-калыбына келтирүү топтору да жумушту бүтүрүп, райондук электр тармактарына кайтышты.

Белгилей кетсек , «КУЭТ» ААКтын  башкы директору Алтынбек Рысбеков Ноокат районунда болгон жана иштин жүрүшүнө жеке өзү көз салып, координация жана колдоо көрсөтүп келген.

Энергетиктер селден жабыркаган электр жабдууларын тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашты,  селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүштү.