Колл - борбор: 105; 1209

Энергетиктер алдыдагы суукка байланыштуу электр тармактарынын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүштү

16 Январь 2026 ж.

Синоптиктер тарабынан жарыяланган аба-ырайынын кескин өзгөрүшү, күндүн суукташына байланыштуу энергетиктер энергообъектилердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Штаттан тышкаркы кырдаалга авариялык-оңдоо запасы даярдалып, ыкчам жоюу схемасы иштелип чыккан. Оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника даярдалган. Ыкчам кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөттүк графиги бекитилди.
Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет. Электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө жана штаттык эмес кырдаалдарды болтурбоо үчүн, өзгөчө максималдуу жүктөмдөрдүн убагында керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз.
Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, биздин күнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү номерлерине кайрылсаңыз болот: 105, оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp номер - 0702 001209.
Төмөндө ар бир облус боюнча электр тармактар ишканаларынын номерлеринин калтырабыз. Электр менен камсыздоо боюнча байланыша бериңиздер:
Бишкек электр тармактар ишканасы - (0312) 53-00-84;
Чүй электр тармактар ишканасы - +996 (312) 33-85-03;
Баткен электр тармактар ишканасы - +996 (03622) 5-06-28;
Ош электр тармактар ишканасы - +996 (3222) 5-50-38;
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы - +996 (3722) 5-13-50;
Ысык-Көл электр тармактар ишканасы - +996 (3922) 4-24-53;
Нарын электр тармактар ишканасы - +996 (3522) 5-12-73;
Талас электр тармактар ишканасы – +996 (3422) 5-36-05.