Энергетиктер бороон-чапкын эскертүүсүнө байланыштуу электр тармактарынын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүштү

12 Март 2024 ж.

Жарыяланган бороон эскертүүсүнө жана республика боюнча болжолдонгон жагымсыз аба ырайына байланыштуу энергетиктер энергообъектилердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө, штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы даярдалып, ыкчам жоюу схемасы иштелип чыккан. Оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника жогорку даярдыктагы абалга келтирилген. Ыкчам кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөттүк графиги бекитилди.

Ошондой эле электр энергия менен камсыздоо маселелери боюнча бирдиктүү энергетикалык маалыматтык сурап билүү үчүн колл - борбордун иши күчөтүлдү. Колл-борбор төмөнкү байланыш номерлер аркылуу күнү-түнү жана дем алышсыз иштейт: 105, 1209, +996 772 001209, +996 702 001209, +996 556 001209 (WhatsApp).

Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет, электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө жана штаттык эмес кырдаалдарды болтурбоо үчүн, өзгөчө максималдуу жүктөмдөрдүн убагында жөнгө салуу иш-чараларын колдонууга алып келиши мүмкүн.

Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз.