«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» программасын ишке ашыруу планынын алкагында, бүгүн 26-декабрда жаш адистер арасындагы инженердик чемпионаттын финалдык бөлүгү болуп өттү.
Инженердик чемпионатка «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдарынан жана борбордук аппаратынан жалпы 5 команда катышты.
Алар:
• «Energo Team» — борбордук аппарат;
• «Bishkek Energy» — Бишкек электр тармактар ишканасы;
• «Энергоинтеллект» — Чүй электр тармактар ишканасы;
• «A.B.C. Crew» — Ош электр тармактар ишканасы;
• «Manas Power» — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы.
Финалдык этапта командалар берилген тапшырма боюнча даярдаган чакан видеовизиткаларын жана презентацияларын колдонуп, инженердик чечимдерди табуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында орундар төмөндөгүдөй бөлүндү:
• 1-орун — «Bishkek Energy» (Бишкек электр тармактар ишканасы);
• 2-орун — «Energo Team» (Борбордук аппарат);
• 3-орун — «Manas Power» (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы).
«Эң мыкты капитан» - Бишкек электр тармактар ишканасынын "BishkekEnergy" командасынын
капитаны Алымкул уулу Керим;
• «Эң мыкты инновациялык чечим» - Ош
электр тармактар ишканасынын "ABC Crew"командасы;
• «Эң, мыкты видео-визитка» - Чуй электр
тармактар ишканасынын "Энергоинтеллект"командасы.
Мындан тышкары, профсоюз уюму тарабынан катышуучуларына белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан уюштурулган бул чемпионаттын негизги максаты:
• жаш адистердин кесиптик билимдерин жана инженердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
• кызматкерлердин компетенция деңгээлин жогорулатуу;
• командалык иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу.