Колл - борбор: 105; 1209

"КУЭТ" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков КМШ электр энергетикалык Кеңешинин 64-жыйынына катышты

6 Июнь 2024 ж.

6-июнь 2024-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Санкт-Петербургда Петербург Эл аралык экономикалык форумунун талааларында өткөн КМШ электр энергетикалык Кеңешинин 64-жыйынына катышты.

Жыйындын катышуучуларына КМШнын Башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Ал энергетика бөлүмдөрүнүн жана компаниялардын өнөктөштүгүн сактоодо жана тереңдетүүдө энергетика Кеңешинин ролун жогору баалады. Ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттер энергетикалык коопсуздукту кепилдөөгө мүмкүндүк берген оң энергетикалык баланстарга жетишкенин баса белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар энергетикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн кеңири тематикасын камтыган бир катар тематикалык баяндамаларды карашты: шаардык агломерацияларды энергия менен камсыздоонун өнүгүүсүнүн заманбап тенденцияларынан жана атомдук энергетиканын потенциалынан тартып климаттык тобокелдиктерге жана адаптациялоонун тиешелүү чараларына чейин.

Кызмат мөөнөтү  аяктагандыгына  байланыштуу КМШнын электр энергетика кеңешинин жаңы Президентин  шайлоо болуп өттү. Ал кызматка  РФнын Энергетика министри Сергей Цивилев шайланды.

КМШнын электр энергетикалык кеңешинин кезектеги жыйынын 2024-жылдын төртүнчү          кварталында өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле Кеңештин 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет жана 2025-жылга карата иш-чаралар планынын долбоору каралды.

Иш - чарага КМШнын Аткаруу комитетинин Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Михаил Мыскин, Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын электр энергетикасын башкаруу органдарынын жана электр энергетикалык компаниялардын жетекчилери, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн отун-энергетикалык комплексинин компанияларынын жетекчилери катышышты.