Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Кыргыз-Орус VII экономикалык форумуна катышты

18 Август 2025 ж.

Форумдун алкагында Алтынбек Рысбеков энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери боюнча бир катар мүмкүн болгон өнөктөштөр, анын ичинде «Современные транспортные технологии» ААКсы, GEOSCAN жана UNIGREEN ENERGY компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда транспорттук чечимдерди өнүктүрүү, «жашыл» технологияларды киргизүү жана алдыңкы энергетикалык чечимдерди пайдалануу боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын жетекчиси форумдун алкагындагы панелдик сессияларга катышып, энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, инвестициялык өнөктөштүк жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча пикир алышты.