Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев иш сапар менен Ош электр тармактар иш канасында болду

13 Октябрь 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев жана башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу иш сапар менен Ош электр тармактар иш канасында болушту.

Иш сапардын алкагында күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшүн талкуулоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө башкы директор ишкананын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн даярдык иштеринин абалы менен таанышып, тиешелүү жетекчилерден маалымат алды.

Ильгиз Сыдыгалиев өз сөзүндө күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз жана коопсуз өткөрүү үчүн даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында аткаруунун маанисин баса белгиледи. Ал бардык зарыл иштерди 2025-жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктоо тапшырмасын берди.

 
Ошондой эле, Ош облусу боюнча акылдуу электр эсептегичтердин орнотулуусу боюнча маалымат алып, жыл аягына чейин толугу менен орнотуу боюнча тапшырма койду. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош электр тармактары ишканасы боюнча 78475 даана акылдуу электр эсептегич орнотулган.

Мындан тышкары, башкы директор Ош шаарынын Кең-Сай массивинде курулуп жаткан “Кең-Сай” көмөк чордонунун курулушунун жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Ал долбоордун ишке ашырылышы менен жакындан таанышып, курулуш иштерин жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын айтты.

Ошондой эле, Ильгиз Сыдыгалиев капиталдык курулуш иштеринин жалпы абалы боюнча маалымат угуп, жаңы курулуп жаткан объектилердин сапаты жана коопсуздугу ар дайым атайын көзөмөлдө болорун белгиледи. Ал тиешелүү жетекчилерге иштерди өз убагында жана сапатка ылайык бүтүрүү боюнча бир катар так тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, калк арасында сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө башкы директор Сулайман-Тоо райондук электр тармактарына да барып, мекеменин учурдагы иши жана кызматкерлердин шарттары менен таанышты. Ал жергиликтүү кызматкерлер менен пикир алышып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, кызматтык тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ильгиз Сыдыгалиев иш сапарынын жыйынтыгында Ош электр тармактарынын жамаатына бир катар тапшырмаларды берип, жыйынтыктоочу сөзүндө алдыда турган күз-кыш мезгилдеринде негизги максат - элге үзгүлтүксүз, сапаттуу жана коопсуз электр энергиясын жеткирүү экенин баса белгиледи.