Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКнын башкы директору А. Рысбеков «ЕАЭБдин 10 жылдыгы перспективалар жана артыкчылыктар» форумуна катышууда

1 Октябрь 2024 ж.

III Евразия экономикалык форуму 2024-жылдын 30-сентябрынан 1-октябрына чейин Ереванда (Армения Республикасы) өтүп жатат.

Бул жылы форум Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин кол коюлушунун 10 жылдыгына арналган, ушул себептен ЕЭФтин негизги темасы – «ЕАЭБдин 10 жылы: Перспективалар жана артыкчылыктар» деп белгиленди. Форумдун программасынын негизги темаларынын катарына – санариптештирүү, өнөр жай кооперациясы, логистика, энергетикадагы кызматташтык, туризм жана айыл чарбасы кирет.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков панелдик сессияда чыгып сүйлөдү: электр энергиясын борборлоштуруп сатууда ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун катышуучуларынын перспективалары жана артыкчылыктары".

Ал ЕАЭБтин түзүлүп жаткан жалпы энергетикалык ресурстар рыногу эл аралык кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экенин жана тышкы энергетикалык саясатты бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи. Анын ишке ашырылышы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрүн ишенимдүү энергия менен камсыз кылууга жардам берет деп белгиледи.