Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болду

9 Октябрь 2025 ж.

2025-жылдын 8-октябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев «КУЭТ» ААКнын Ысык-Көл электр тармагы ишканасына иш сапары менен келди.

Иш сапардын жүрүшүндө башкы директор филиалдын күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин абалы менен таанышып, тиешелүү жетекчилерден маалымат алды. Ал өз сөзүндө кышка карата даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанисин белгилеп, бардык иш-аракеттерди ушул жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле Ильгиз Сыдыгалиев «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыз кылуу иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Ал аталган долбоор мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү объект экенин баса белгилеп, электрификациялоо иштерин өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта аяктоонун зарылдыгын белгилеп, жумуштарды өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн башка филиалдардан кошумча бригадаларды түзүп жардам көрсөтүүгө тапшырма койду.

Мындан тышкары, башкы директор капиталдык курулуш иштеринин абалы боюнча маалымат угуп, жаңы курулуштардын сапатына жана аткарылышына такай көзөмөл жүргүзүлөрүн айтты жана иштерди өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.

Иш сапардын алкагында ал Ак-Суу РЭТине караштуу Нововознесеновка участогунда болуп, кызматкерлер менен жолугушту. Текшерүү учурунда айрым кемчиликтер — электр жабдыктарын сактоо эрежелеринин бузулушу аныкталып, Нововознесеновка участогунун жетекчисине — административдик имараттын жана айлананын абалына жетиштүү көңүл бурбагандыгы, жабдыктарды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилди.

Ошону менен бирге, 220 кВ Тамга–Каракол аба чубалгысын жана 220кВ “Каракол” көмөк чордонун куруу долбоору да талкууланды. Маалыматка ылайык, учурда жер маселелери чечилип, жакын арада эл аралык тендер өткөрүү иштери башталаары белгиленди. 220 кВ Тамга–Каракол аба чубалгысын жана 220кВ “Каракол” көмөк чордонун куруу иштерин тез арада ишке ашыруу үчүн башкы директор тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Иш сапардын маанилүү маселелеринин бири — «Мега Инвест» компаниясы тарабынан Каракол шаарында жылуулук-энергетикалык борборун куруу долбоору болду. Долбоордун алкагында курулуучу объекттин 110 МВт болгон кубаттуулугун 110/35/10 кВ “Пржевальск” көмөк чордонундагы электр тармагына кошуу маселеси тиешелүү адистер менен талкууланып, көмөк чордондун үчүнчү кезектеги курулушун долбоорлоо жана ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул долбоор Ысык-Көл электр тармагы ишканасы үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени жылуулук-энергетикалык борбору курулуп бүткөндөн кийин өндүрүлгөн электр энергиясы Каракол шаарынын керектөөсүн толук камсыздоого жетет.

Иш сапардын соңунда Ысык-Көл электр тармагы ишкананын жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары менен жыйын өткөрүп, ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алып, кызматкерлердин суроолоруна жооп берди.

Бул иш сапар «КУЭТ» ААКнын аймактык бөлүмдөрүндөгү иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп, алдыдагы кышкы мезгилге тийиштүү даярдыктарды өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатын көздөйт.