«КУЭТ» ААКтын башкы директору иш сапары менен Нарын облусуна барды

28 Март 2024 ж.

2024-жылдын 28-мартында, «КУЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков «КУЭТ» ААКтын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү жана Нарын облусунун электр тармактар комплексинин келерки күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө ал ишкананын кызматкерлери менен жолугушуп, мекеменин реформалары жана эмгек шарттарын, ошондой эле абоненттерди тейлөөнү жакшыртуу, республиканын электр тармактар комплексин өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоо процесстерин этап-этабы менен автоматташтыруу жана санариптештирүү пландары менен бирге күз-кыш мезгилине даярдоо ремонттук кампания тууралуу айтып берди. Жолугушуудан кийин 110/35/10 кВ Нарын-1 көмөкчордонуна барып, жабдуулардын жана жаңы орнотулган трансформатордун абалы менен таанышты. Андан ары ал курулган темир-бетон цехинин, оңдоочу жайдын, автоунаа кызматынын атайын жабдууларынын абалын көрүп, Тянь-Шань РЭТнин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышты. Жумуш сапарынын жыйынтыгында Алтынбек Рысбеков Нарын облусунун күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү, ишкананын өндүрүштүк пландарын өз убагында аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.