Колл - борбор: 105; 1209

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсына атайын техникаларды тапшырды

12 Июль 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техниканы тапшырды.

“30 даана атайын техниканы сатып алууга 180 млн сом бөлүнгөн. 2024-жылы 271 миллион сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 100 ишкана ачылат. Алардын баары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болгондо гана иштей алат. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды”, - деди Акылбек Жапаров.

Сатып алынган атайын техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт.