Колл - борбор: 105; 1209

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: 2023-жылы энергетиктерге 76 атайын жаңы техника тапшырылат, бүгүн 29 техниканын ачкычын тапшырып жатабыз

5 Июль 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.

«“Жабдуулар, линиялар – баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президентибиз бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет”, – деди ал.

Акылбек Жапаров энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынаарын кошумчалады.

«“Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Фоторепортаж