Колл - борбор: 105; 1209

"Россети" жана "Кыргызстан УЭТ" ААК компанияларынын башчылары ПМЭФте инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду карашты

6 Июнь 2024 ж.

Петербург эл аралык экономикалык форумунда "Россети" коомдук бирикмесинин башкы директору Андрей Рюмин жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков кызматташуу жөнүндө мурда түзүлгөн макулдашуунун аткарылышынын, биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулашты.

Тараптар Россиянын окуу борборлорунда "Кыргызстан УЭТ" ААКнын персоналы үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карашты.

"Россети" тобунун өкүлдөрү бизнес-процесстерди автоматташтыруунун ата-мекендик тутумдарын, анын ичинде РС-20 технологиялык башкаруунун өздүк платформасынын базасында колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

" Кыргызстан УЭТ " ААК ишканасы менен көп жылдык кызматташтык байланыштырып турат, ал ири электр тармактары долборлорду  куруу, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну камтыйт. Биз биргелешкен ишти улантууга, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелери боюнча кесиптештер менен өз ара аракеттенүүгө даярбыз", – деп белгиледи Андрей Рюмин.

"Россия менен Кыргызстандын энергетикалык компанияларынын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү ишенимдүү электр менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу процессине алдыңкы инновациялык технологияларды киргизүүнүн келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Россиялык окуу борборлорунда биздин персоналды окутуу адистердин квалификациясын натыйжалуу жогорулатууга жана компаниянын туруктуу өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет", - деп белгиледи Алтынбек Рысбеков.

2022-жылы Россия энергетикалык жумалыгынын талааларында "Россети" жана "Кыргызстан УЭТ" ААК компанияларынын ортосунда узак мөөнөттүү стратегиялык кооперация жөнүндө келишим түзүлдү.Документте инфраструктураны куруу жана модернизациялоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык системаларын өнүктүрүүнүн схемаларын жана программаларын иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү каралган.