Колл - борбор: 105; 1209

Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат

6 Июнь 2024 ж.

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду.

Учурда зымдарды тартуу  боюнча иштер жүрүп жатат, бул иштердин аткарылган көлөмү 76%ды түзөт.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.