Колл - борбор: 105; 1209

Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат

22 Июль 2024 ж.

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда төмөнкү иштер 100 пайызга аткарылды: тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо, бетондоо жана 1243 тирөөч орнотулду.

Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат жана 427 чакырым (94%) зымдар тартылды. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.