«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратында “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” программасын ишке ашыруу планынын алкагында, 2025-жылдын 12-декабрында жаш адистер арасындагы биринчи Инженердик чемпионаттын тандап алуу этабы болуп өттү.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан уюштурулган бул сынактын негизги багыттары:
Жаш адистердин кесиптик билимдерин жана инженердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
Кызматкерлердин компетенция деңгээлин жогорулатуу;
Командалык иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу.
Чемпионатка «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдарынан жана борбордук аппаратынан жалпы 9 команда катышты. Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон төмөнкү 5 команда финалга жолдомо алды:
"Energo Team" «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Борбордук аппараты
"Bishkek Energy" Бишкек электр тармактар ишканасы
"Энергоинтеллект" Чүй электр тармактар ишканасы
"ОшПЭС" Ош электр тармактар ишканасы
"Manas Power" Жалал-Абад электр тармактар ишканасы
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Инженердик чемпионатынын финалдык этабы 2025-жылдын 26-декабрында оффлайн форматта өтөт. Анда финалга чыккандар өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн жана инженердик чечимдерди табуу жөндөмдүүлүгүн далилдешмекчи.