Катуу шамалдын кесепетинен улам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү

28 Март 2024 ж.

Катуу шамалдан улам бактар аба чубалгыларына кулап, электр зымдары үзүлүп, керектөөчүлөр электр энергиясыз калышты. Кээ бир аймактарда шамалдан кулаган бактар электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн кулаткан. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары– Бишкек жана Чүй электр тармактар ишканасынын авариялык-калыбына келтирүү топтору окуя болгон жерге ыкчам барып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын бардык өндүрүштүк кызматтары күчөтүлгөн иштөө режимине өттү. Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолоруңуз болсо, «КУЭТ» ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун 1209, 105, 0702001209, 0772001209 жана 0556001209 телефон номерлерине кайрылсаңыз болот.