Колл - борбор: 105; 1209

Баткен облусунун юбилейине карата 25 объект ачылды, алардын ичинен 2 объект «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтыкы

15 Октябрь 2024 ж.

Кара-Кыргыз автономиясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Баткен облусунун, Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата 2024-жылдын 14-октябрында Баткен облусунда 25 жаңы объекттин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Алардын ичинде  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын компаниясынын 2 жаңы объектиси ачылды:

  1. Баткен ЭТИнин административдик имараты;
  2. Сүлүктү РЭТинин административдик имараты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов,  Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалай Ибраев,  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын компаниясынын башкы директору Алтынбек Рысбеков, капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун орун басары Ильгиз Сыдыгалиев, филиалдардын жетекчилери жана Баткен ЭТИнин кызматкерлери катышты.

Министр Таалай Ибраев өз сөзүндө эки маанилүү окуяны белгилеп өттү: Баткен облусунун 25 жылдыгы жана энергетиктер үчүн жаңы, заманбап имараттардын ачылышы. Ал жаңы шарттар кызматкерлердин ишин жакшыртып, ошол эле учурда эл алдындагы жоопкерчиликти күчөтө турганын баса белгиледи. Ибраев энергетиктерге, айрыкча алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкта ийгиликтерди каалады.

Баткен ЭТИнин жаңы административдик имараты пайдаланууга берилгенден кийин, Баткен облусунун 125 миңден ашуун абонентин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда тейлөөнүн сапаты жана иштин ыкчамдуулугу жогорулайт, ошондой эле аймактагы энергетиктердин иштөө шарттары жакшырат.

Курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2024-жылдын сентябрында аяктаган. Имарат менен катар оңдоо цехи, борбордук кампасы, гараждар, ашкана жана башка курулуштар толук бүткөрүлдү. Жалпы аянты 3727 м² түзөт.

Сүлүктү РЭТинин административдик имаратынын курулушу да 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2024-жылдын сентябрында аяктаган. Жалпы аянты 550 м². Сүлүктү РЭТинин жаңы имараты ишке киргизилгенден кийин, Сүлүктү шаарынын 5 миңден ашуун абонентин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тейлөөнүн сапаты жана ыкчамдуулугу жогорулайт, ошондой эле энергетиктердин иштөө шарттары жакшыртылат.

Жогоруда аталган эки имараттын курулуш иштери капиталдык курулуш планы боюнча жана  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.