Колл - борбор: 105; 1209

КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Дурусалиев Мурат Джуманалиевич жөнүндө некролог

7 Октябрь 2024 ж.

2024-жылдын 5-октябрында 64 жаш курагында КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Дурусалиев Мурат Джуманалиевич дүйнөдөн кайтты.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Башкы дирекциясы жана жалпы эмгек жамааты Мурат Джуманалиевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, өмүрлүк жары Анаркан Ашымбековнага, балдарына, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.

Дурусалиев Мурат Джуманалиевич 1960-жылы 26-мартта Жалал-Абад шаарында туулган. Турмуш жолунда көп жакшы адамдарга жолугуп, ырыс чачкан ынтымактуу жамааттарда мээнет бөлүшүп, маңдай тер төккөн эмгек жолун “Ала-Бука” спецхоздун автопаркынын слесары кызматынан баштап,  Москва энергетикалык институтунда ийгиликтүү окуп, аяктагандан кийин, Кыргызглавэнергонун релелик коргоо жана автоматика кызматынын инженери кызматында, Жалал-Абад ПЭСтин Ала-Бука райондук электр тармактарынын  башчысынын орун басары, “Кыргызэнерго” АК Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканансынын оңдоо цехинин башчысынын орун басары, башчысы,  көмөк чордондор кызматынын башчысы, “Кыргызэнерго” АКтын жабдууларды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын  жабдууларды эксплуатациялоо жана оңдоо бөлүмүнүн башчысы, өнүктүрүү жана өндүрүштүк – техникалык  башкаруу борборунун башчысы, техникалык директору, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын  башкы директорунун биринчи орун басары, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын  филиалы Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканансынын директору, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын  башкы директорунун кеңешчиси, техникалык директору, башкы директордун келечектүү өнүгүү боюнча кеңешчиси, “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ААКтын башкы директору, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын  филиалы Окуу борборунун директорунун орун басары кызматтарында жигердүү иштеген.

Мурат Джуманалиевич энергетикабыздын өнүгүшүнө, системанын туруктуу жана кынтыксыз иштешине зор салым кошкон. Улууларга кеп-кеңешин берген, кичүүлөрдөн тарбия-таалимин аябаган, кыргыздын мыкты уулдарынын бири эле.

Мурат Джуманалиевичтин аткарган кызматы жана эмгеги жогору бааланып,  көптөгөн сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай  министрлигинин «Энергетиканын отличниги - «Каарман»  төш белгисинин, «КМШнын эмгек сиңирген энергетиги» төш белгилеринин ээси болгон. «И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Ардактуу доценти» ардактуу наамы ыйгарылган.

Мурат Джуманалиевичти биз мыкты жетекчи,  энергетик,  ардактуу атанын уулу жана татыктуу үй-бүлө башчысы катары эсибизде сактап калабыз.