Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын командасы CASE-IN чемпионатынын «Жарып чыгуучу чечим» номинациясында жеңишке жетти

30 Май 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын «Nomad Energy» командасы Москвада өткөн КМШнын CASE-IN эл аралык инженердик чемпионатынын финалында Жаш адистер лигасынын «Жарып чыгуучу чечим» номинациясында жеңүүчү болду.

Бул жылы КМШнын жаш адистер лигасынын финалында Орусия,  Беларус,  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан  жана Азербайжан мамлекеттеринен 11 команда катышты.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын атынан чыккан «Nomad Energy» жана «Prospect Energy» командаларынын мүчөлөрү CASE-IN эл аралык инженердик чемпионатынын финалында татыктуу катышып, өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги компетенттүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн көрсөтүштү.

Мелдештин максаты: инженердик-техникалык кесиптерди, инженердик билимди жайылтууда эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү технологияларды аныктоо жана өнүктүрүү, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин адистеринин кесиптик билимин күчөтүү.

Чемпионаттын уюштуруучулары «Ишенимдүү алмашуу» фонду, Тоо-кен тармагынын лидерлеринин коммерциялык эмес өнөктөштүк жаштар форуму жана «АстраЛогика» ЖЧКсы. Биргелешип уюштуруучулары болуп КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин аткаруу комитети жана Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги саналат.