Колл - борбор: 105;

Кыргызстандын командасы энергетиктердин эл аралык сынагында «Эң мыкты координацияланган бригада» аталды

28 Сентябрь 2026 ж.

21–25-сентябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн бөлүштүрүүчү электр тармактарында иштеген адистеринин кесиптик чеберчилик сынагы өттү.

Сынак Анкара шаарындагы TEDAŞ окуу-машыгуу борборунда өтүп, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын адистерин бириктирди. Кыргызстандын атынан 5 адистен турган команда — жетекчи жана төрт электромонтер катышты. Бул командага төмөнкү ишканалардын өкүлдөрү кирди:

·         Чүй электр тармактар ишканасы

·         Ош электр Тармактар Ишканасы

·         Ысык-Көл электр тармагы ишканасы

·         Бишкек электр тармагы ишканасы

·         Талас электр Тармактар Ишканасы

Сынактын негизги практикалык тапшырмасы — тирөөчтөгү бузулган күч трансформаторун алмаштыруу болду. Катышуучулар төмөнкү жана орто чыңалуудагы операцияларды аткарып, жердетүү орнотуп, сактагычтарды алмаштырып, коопсуз иштөө боюнча өздөрүнүн кесиптик даярдыгын көрсөтүштү.

Мындай тапшырмаларда ар бир адистин билими жана тажрыйбасы гана эмес, бүтүндөй бригаданын бири-бирин так түшүнүп, бир командадай иштеши да чоң мааниге ээ. Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандын командасы «Эң мыкты координацияланган бригада» номинациясына ээ болду.

Бул сынак энергетика тармагындагы кесипкөйлүк техникалык билим менен гана чектелбестен, тартипти, коопсуздукту жана командалык ишти да талап кыларын дагы бир жолу көрсөттү.