Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын командаларына - Эл аралык мелдештерде жеңишке жетишкендиктери үчүн КР Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылды

28 Август 2024 ж.

Бүгүн, 2024 – жылдын 28 августа  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков Эл аралык мелдештерде - Москва шаарында өткөн  CASE-IN инженердик чемпионатта жана Татарстан Республикасынын Тетюши  шаарында  өткөн кесиптик чеберчилик мелдешде жеңип чыккан  компаниянын   командаларына  КР Энергетика министрлигинин Ардак грамоталарын салтанаттуу тапшырды.

Москва шаарында өткөн эл аралык CASE-IN инженердик чемпионатынын КМШ жаш адистер Лигасынын «ийгиликтуу чечими»  номинациясына ийгиликтүү катышкандыгы жана жеңгендиги үчүн КР Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты:

- Исмаилов Кубанычбек Байсеитович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы;

- Керимов Адилтай Токтобекжанович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын 2 – категориядагы Инженер-программисти;

- Бактыбек кызы Жамила «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын программалык камсыздоо инженери;

- Ибраимов Айдар Бактыбекович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын  релелик коргоо жана автоматика борбордук кызматынын 1-категориядагы инженери;

- Адашпасова Каныкей Таалайбековна  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын тышкы экономикалык иштер  жана тутумдук кызматтар боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Татарстан Республикасынын Тетюши  шаарында болуп  өткөн түрк элдеринин электр куроочуларынын кароо сынагында 1 орунду ээлегендиги үчүн КР Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты:

- Абдувалиев Жантөрө Махамадиярович – «Кыргызстан улуттук электр

тармагы» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ош

РЭТинин электр эпкери;

- Баялы уулу Талант - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын Жалал-Абад РЭТинин электр эпкери;

- Бердиев Асхат Кабылович - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» - ААКтын филиалы Чуй электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары;

- Ибраев Аслан Мелисбекович - «Кыргызстан улуттук электр

тармагы» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасынын

башкы инженери;

- Сатиев Жылдызбек Кудайбергенович - «Кыргызстан улуттук электр

тармагы» ААКтын бөлүштүрүүчү электр тармактары кызматынын башчысы.

- Турсунбаев Авлетим Максатбекович- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» - ААКтын филиалы Чуй электр тармактары ишканасынын Аламүдүн РЭТинин улук устаты.

Алтынбек Рысбеков өзүнүн орун басарларына  Доктурбай уулу Жолдошбекке жана Дуйшо уулу Уларбекке, ошондой эле – ӨТБнын башчысы К.Б. Исмаиловго жана ММК бөлүм башчысы Э. Р. Саргашкаевага командаларды ийгиликтүү катышууга, чыгып сүйлөөгө жана иш-чараны чагылдырууга жакшы даярдыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Командалар Эл аралык аянтчаларда биздин компаниянын жана өлкөнүн энергетика тармагынын атынан чыгып, жогорку деңгээлдеги компетенттүүлүктү жана кесипкөйлүктү көрсөтүштү. Келечекте мындай мелдештерге биздин башка кызматкерлерибиздин ийгиликтүү катышуусун күтөбүз», - деп белгиледи ал.