Колл - борбор: 105; 1209

КРнын Энергетика министри "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын окуу борборуна барды

30 Январь 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын окуу борборуна барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү, энергетиктерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу процесси менен таанышты.

Иш-чарага энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев, "Кыргызстан УЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты. Окуу борборунун директору Уланбек Маликов жетекчиликке оңдолгон жатакананы, окуу жана компьютердик класстарды көрсөтүп, ошондой эле борбордун 2024-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

Таалайбек Ибраев энергосистеманын өндүрүштүк курамын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуу, ташуу жана бөлүштүрүү процесси маанилүү экендигин белгиледи.

"Биз окуу борборун күчтөндүрүүгө, билим алгандардын санын көбөйтүүгө, алардын квалификациясын өндүрүштөн ажыратпастан жогорулатууга умтулабыз. Энергетика тармагындагы адистерди окутуу жана алар менен иштөө күндүн талабы. Энергетика тармагында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда, гидроэлектростанциялар курулууда, жашыл энергетика өнүгүүдө. Мунун баары үйрөтүлгөн кадрларды талап кылат. Энергетика тармагы өтө татаал жана жоопкерчиликтүү тармак. Ошондуктан билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деди министр Ибраев.

Окуу борборунда 2023-жылы 1379 адам окуудан өткөн. Окутуу 82 курс боюнча жүргүзүлөт. КРнын Энергетика министри курсанттарды окутуу процесси менен кеңири таанышып, ошондой эле окуу борборунун жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын угуп, жаңы жылдан баштап борбордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу каралаарын айтып, тажырыйбалуу мугалимдердин санын көбөйтүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле ал окуу жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүшү үчүн борбордун окуу процессин методикалык жана техникалык жабдуу дагы күчөтүлөрүн белгиледи.

Окуу борбору энергетика тармагынын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, инженердик-техникалык кызматкерлердин жана энергетика тармагынын орто квалификациядагы билим деңгээлин жогорулатуу боюнча лицензияга ээ. Борбор башка энергокомпаниялардын жана уюмдардын кызматкерлерин да окутууга укуктуу.