Колл - борбор: 105; 1209

КРнын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү

27 Январь 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Коллегия КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында болуп өттү. Ага ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчиси Алтынбек Рысбеков компаниянын 2023-жылдын жыйынтыгы жана 2024-жылга карата пландары тууралуу презентация жасады.

Коллегиянын жүрүшүндө «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан кошумча 290 трансформтордук подстанциялары орнотулду жана 263 даана 10-0,4 кВ трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылгандыгы.

- 1 456 км аба чубалгысын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөндүгү

- өлкө боюнча жалпы 108 996 даана акылдуу эсептегич орнотулгандыгы

- жана 8 даана дизелдик генераторлор сатып алынгандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин аткарылышы:

Сулайман-Тоо РЭТи курулду, Кең-Суу а. 13,9 км 0,4-10 кВ электр линиялары курулуп, 1 даана 160 кВАлык ТП орнотулду, Ак-Көл а. 1 даана кошумча 160 кВА ТП жана 8,3 км 0,4-10 кВ электр линиялары курулду, Ош ЭТИнин узундугу 14 км болгон 110 кВ Ош-6-Узловая аба чубалгысында АС-120 АС-185ге зымына алмаштырылды, Чүйдогу Ак-Ордо конушунда 10 кВ аба чубалгысында 23 км эскилиги жеткен А-50 зымы СИП-3 (70) тибиндеги зымга алмаштырылды. Бул чаралар 759дан ашык жер участогун электр линияларынын коргоо зонасынан чыгарууга мүмкүндүк берди.

CASA-1000

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.

Өз сөзүндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКтын жетекчиси Алтынбек Рысбеков компаниянын 2024-жылга карата койулган пландары убагында жана сапаттуу аткарылаарын белгилеп, презентациясын жыйынтыктады.

Фоторепортаж