Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААК 128,8 млн сомго 241 даана трансформатор сатып алды

10 Октябрь 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААК  6-10/0,4 чыңалуудагы 241 жаңы трансформаторду жалпы суммасы 128,8 млн сомго сатып алды. Алардын ичинен 152 даанасы компаниянын кампаларына келип, дагы 89у жуманын ичинде алынып келет.

Алардын баары бир айдын ичинде республиканын бардык аймактарында алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр тармактар ишканаларында орнотулат. Сатып алуу иштери тендер аркылуу жүргүзүлүп, компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн, жеткирүүчү болуп "Электрощит - ТМ Самара" ААК саналат

«Мындай масштабдуу сатып алуулар компанияда биринчи жолу чыгымдарды оптималдаштыруунун, электр менен жабдуу процесстерин санариптештирүүнүн, ошондой эле 2023-жылдын 1-майында электр энергиясына тарифти 23 тыйынга ( 77 тыйындан 1 сомго) жогорулатуунун эсебинен ишке ашырылды. Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат» - деп белгиледи КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Маалымдама: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК – электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын турак жай, ири өнөр жай жана башка керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания.