Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААК республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин штаттык режимде жүргүзүп жатат

2 Февраль 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин штаттык режимде жүргүзүп жатат
 
Бишкек ЖЭБдеги штаттан тышкаркы учурга байланыштуу, 2024-жылдын 2-февралында электр энергия менен камсыздоодо олуттуу кырдаал катталган жок.
 
Бекитилген графикке ылайык, борбордук аппараттын жетекчилиги, филиалдардын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү жооптуу адистер нөөмөттө турушат. Компаниянын ыкчам тобу жана кезметчи көчмө бригадалары күнү-түнү иштеп жатышат.
 
Электр энергиясына байланыштуу маселе жаралган учурда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылып, тактасаңыз болот: 105, 1209, +996 772 001209; +996 702 001209; +996 556 001209 (WhatsApp).