Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКка керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган дизелдик генераторлор берилди

7 Ноябрь 2023 ж.

Бүгүн, 2023-жылдын 7-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын базасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кубаттуулугу 120 кВт болгон 8 дизелдик генераторлорду тапшырды. Алар компаниянын 8 филиалына – Бишкек шаарында жана Республиканын ар бир областында жайгашкан электр тармактар ишканаларына өткөрүлүп берилет.

Энергетиктер генераторлорду жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордо жана 10/0,4 кВ электр тармактарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн колдонушат, ошондой эле аба чубалгылары жок болгон учурда талаада көчмө энергия булагы катары кызмат кылат. 120 кВт кубаттуулуктагы дизелдик генераторлор бышык, узак мөөнөттүү үзгүлтүксүз иштөөгө эффективдүү ылайыкташтырылган жана чоң жүктөргө туруштук бере алат.

Сатып алынган техниканын жалпы суммасы 10 950 000 сомду түздү. Чыгымдарды оптималдаштыруу, электр менен камсыздоо процесстерин санариптештирүү, ошондой эле электр энергиясына тарифти 23 тыйынга (2023-жылдын 1-майынан 77 тыйындан 1 сомго чейин) көтөрүү менен ар бир электр тармактар ишканасын жаңы генераторлор менен камсыз кылууга мүмкүн болду.