Бүгүн, 2024-жылдын 30-мартында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКты республиканын бардык аймактарында масштабдуу ишембилик өткөрдү.
Компаниянын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле бардык аймактык филиалдар – электр тармактар ишканалары «Жашыл Мурас» Улуттук программасын жана өлкө боюнча ишембиликтерди өткөрүү демилгесин колдошот.
Бул жумадагы ишембиликке 5000дөн ашык компаниянын энергетиктери катышты. Алар бөлүнүп берилген жерлерди тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыларды, түшкөн жалбырактарды, бутактарды чогултуп, энергетика объектилеринин жанындагы аймактарды тазалашты.
Белгилей кетсек, компаниянын кызматкерлери айлана-чөйрөнү тазалоо жана сактоо боюнча иш-чараларды колдоо максатында эки ай ишембиликтерге активдүү катышып турушат.