Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКта штаттан тышкаркы кырдаалдарды жоюу боюнча мобилдик бригадалардын масштабдуу окуу-машыгуу иш чаралары болуп өттү

9 Октябрь 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта штаттан тышкаркы кырдаалдарды жоюу боюнча мобилдик бригадалардын масштабдуу окуу-машыгуу иш чаралары болуп өттү
 
Машыгуулар 2023-жылдын 2-8-Октябрь күндөрү Ош электр тармактар ишканасынын Ош РЭТ жана Ысык-Көл Электр тармактар ишканасынын түп РЭТ объектилеринде болуп өттү, ага компаниянын бардык филиалдарынан – электр тармактар ишканаларынан 20 мобилдик бригада катышты.
 
Иш чаранын максаты-авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга багытталган иш-чараларды уюштурууда, аткарууда кызмат адамдарынын, мобилдик бригадалардын практикалык жөндөмдөрүн арттыруу, керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну ыкчам калыбына келтирүү, мүмкүн болгон технологиялык бузууларды жана штаттан тышкаркы кырдаалдарды жоюуга компаниянын даярдыгын текшерүү, авариялык-калыбына келтирүүчү запастын, квалификациялуу жумушчулардын жана атайын техниканын жетиштүүлүгү.
 
Түп районундагы машыгуунун алкагында чыңалуусу 0,4 кВттык эскирген алюминий зымдар узундугу 37,4 километр болгон жаңы жана заманбап СИП зымдарына алмаштырылды, ошондой эле 449 даана темир-бетон таянычтар орнотулду. Ош шаарында узундугу 44, 3 чакырым болгон СИП кабелдер тартылып, 150 даана темир-бетон таянычтары орнотулду.
 
Мындай масштабдуу окуу-машыгуулар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта биринчи жолу өткөрүлдү. Андагы катышуучулардын аракеттери компаниянын электр тармактар объектилериндеги авариялык өчүрүүлөрдүн жана технологиялык бузуулардын кесепеттерин алдын алуу, өз убагында жоюу боюнча схеманы жана уюштурууну башка региондордон кошумча күчтөрдү, каражаттарды тартуу менен иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Жумуштарды аткарууда коопсуздук эрежелерин сактоо жана бригадаларды өз убагында алмаштырууну уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
 
Машыгуунун жыйынтыгы боюнча кесипкөй бөлүктөрдүн электр менен камсыздоодогу мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү ыкчам жоюуга даярдыгы тастыкталды жана мобилдик бригадаларга ийгиликтүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.