Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын башкы директору компаниянын Жалал-Абад филиалынын электрообьектилеринин күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты

18 Сентябрь 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков компаниянын Жалал-Абад филиалынын электообьектилеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары менен таанышып, ошондой эле Аксы, Ала-Бука жана Чаткал район электр тармактарына барды.
 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Жалал-Абад филиалынын директору Сүйүнбек Үсөнов алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маалымат берип, көмөк чордондордо жана электр энергия берүү чубалгыларында оңдоо иштери графиктерге ылайык артта калбай жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
 
Компаниянын жетекчиси атайын техникалардын абалына, материалдардын авариялык запасынын абалына дыкат карап, күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды өз мөөнөтүндө аяктоону тапшырды.