Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын жаш адистери Москва шаарында өткөн «CASE-IN» эл аралык инженердик чемпионатынын финалына катышышты

16 Октябрь 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаш адистери Москва шаарында өткөн «CASE-IN» эл аралык инженердик чемпионатынын финалына катышышты

10-октябрдан 14-октябрга чейин Москва шаарында «CASE-IN» эл аралык инженердик Чемпионатынын финалы болуп өттү. Ага КМШга мүчө 8 өлкөнүн 15 командасы катышты. Алар: Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, жана Тажикстандын жаш энергетиктери.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын эки командасы: - НЭСК жана 999 улуттук тандоо турунан ийгиликтүү өтүшүп, аталган мелдеште Кыргызстандын энергетика тармагын көрсөтүштү. 

Катышуучулар "Экологиялык нейтралдуу технологиялардын негизинде энергияны аз көмүртектүү өнүктүрүү" темасында өз чечимдерин коргошту.

Чемпионаттын чечүүчү бөлүгүндө жаштар башка өлкөлөрдүн мыкты адистери менен пикир алмашышып өз компаниясынын жана Кыргызстандын энергектика тармагын чагылдырышты.

Финалдан тышкары командалар "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунун Жаштар күнү аянтчасында өткөн башка иш-чараларга да катышышты, ошондой эле "Электр энергетикасынын экологиялык аспектилери: тенденциялар, чакырыктар, перспективалар" лекциялары жана "КМШ электр энергетикасын аз көмүртектүү өнүктүрүү"стратегиялык сессиясында таанышышты.

КМШ электр энергетикалык кеңешинин аткаруу комитети жана Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги мелдештин тең уюштуруучусу болду. Чемпионатты "Надежная смена " фонду, "Тоо-кен тармагынын лидерлеринин жаштар форуму" коммерциялык эмес өнөктөштүгү жана "АстраЛогика" ЖЧК уюштурууда, Финал көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин иштери боюнча Федералдык агенттиктин, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча (Россотрудничество) колдоосу менен "жаңы муун" программасынын алкагында өттү.

Маалымдама: эл аралык жаш адистер Лигасы «CASE-IN» – отун-энергетика, минералдык-сырьелук комплекстерде жана чектеш тармактарда кесипкөйлүк менен өнүгүүгө умтулган жаштар үчүн кейстерди чечүү боюнча ачык мелдеш. Долбоордун максаты: инженердик-техникалык кесиптерди жайылтуу, инженердик билим берүү жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелеринде эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин жаш адистеринин горизонталдык байланыштарын жана кесиптик маалымдуулугун бекемдөө.